Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Коопсуздук кеңештин жыйынында каралган коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маселе каралууда.
Жыйында депутат Каныбек Иманалиев укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, коррупция менен күрөшүүнүн бир гана пайызы ачылып жатканын сынга алды. "Коопсуздук кеңеште президенттин айтканын колдойбуз. Бирок укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүдө ишти жай алып барып жатышат. Өзбекстанды карагылачы, президенти айтары менен жыйынтык чыгып жатат. Кыргыз мамлекетинин бюджетинин жалпы көлөмү 2 миллиард доллар болсо, коррупциянын көлөмү 4 миллиард доллар экен. Сиздер коррупциянын бир гана пайызын ачып жатасыздар", - деди Иманалиев.