Оштун "Көлдүк" командасы көк бөрү боюнча мелдештин коло медалынын ээси болду

Бүгүн, 27-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеште Оштун "Көлдүк" командасы коло медалга ээ болду.

3-орун үчүн өткөрүлгөн беттеште Оштун "Көлдүк" командасы бишкектик "Арашан" менен беттешти. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Көлдүк" командасынын улакчылары атаандашынын тай казанына 3 улак таштаса, "Арашан" командасы 2 улак таштады. Муну менен "Көлдүк" командасы 3:2 эсебинде жеңишке жетип, коло медалды багындырды.

Айта кетсек, мелдештин финалы эртең, 28-апрелде орун алып, анда "Сары-Өзөн" менен "Бакубат-Талас" командалары беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
FCB14
2018-04-27 14:59:46
Озгон
0
urmat94
2018-04-27 15:36:41
Азаматсынар Колдук командасы куттуктайм
+1
baha1985
2018-04-27 16:47:20
Эн жакшы жигиттер Озгон Алга дагы да ийгиликтерди кутобуз!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан