Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Коопсуздук кеңеши коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алган чаралардын аткарылышы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулууда.
Анын жүрүшүндө депутат Бахадыр Сулейманов Жогорку Кеңештен 2 миллион сомдун уурдалышынын артында ким турарына кызыкты. Айтымында, бул уурдоонун артында ким турган болсо, да жоопко тартылуусу керек.
"Сиздер болбогон иштер боюнча гана маалымат берип жатасыздар. Жогорку Кеңештен уурдалган акча боюнча эмнеге ачык айтпай жатасыңар? Артында ким турарын, ал акча эмне болуп уурдалганын эл билиши керек да. Мына жакында ресторандардын биринде канчалаган адам тамакка ууланды. Буга эл аябай тынчсызданды, эмнеге ага чара көрбөйсүңөр? Маршруттук таксилердин айдоочулары талап коюп жумуш ташташты. Бири артында таасирлүү адамдар турат десе, дагы бири башканы айтып жатты. Чара көрүлүш керек", - деди Сулейманов.
Айта кетсек, ушул жылы 9-февралда парламенттин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды ыйгарып алууга шектелип кармалган. Бул КМШ Парламенттик ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына кошо берилчү акча болгон. Акча парламент бюджетинен Эл аралык иштер комитетинин ал кездеги төрагасы Аскарбек Шадиевдин колу коюлган, Жогорку Кеӊештин ал кездеги төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кароосунан өткөн документтин негизинде алынган. Муну Шадиев да, Турсунбеков да моюнга алып, бирок экөө теӊ акча уурдалып кетерин билбегенин айтып жатат.
Бул иш боюнча УКМК Шадиевди суракка алса, Турсунбеков УКМКда сурак берип, Шадиев менен беттештирилген.
УКМК 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да кылмыш иши ачылганын жарыялаган. Ал “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча айыпталууда.