"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Баткенде курттап кетти деген ун 1 жыл мурда таратылган" дейт мамлекеттик эмес уюм

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында майыптарга жардам катары курттап кеткен ун берилип жатат. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлаган.

"Жылына бир жолу майыптарга жардам катары май, ун таратылат. Быйыл да майыптарга таратылыптыр, бирок алар берген майдын абалы жакшы болгону менен, ун курттап кетиптир. Бул эмне майыптарга курттаган ун берип, шылдыңдашканыбы?!" - деп билдирген окурман.

Аталган маселе боюнча Кыргыз өлкөсүндөгү Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Елизавета Залкинд төмөнкүлөрдү билдирди:

"БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Арка айылындагы суу каналын бетондоо долбоорун колдоого алган. Бул долбоорго аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 адам катышкан. Коомдук жумушту аткарганы үчүн алар ун жана өсүмдүк майын жардам катары алышкан. Бул жардам 2017-жылдын май айында эле таратылган", - деп билдирди Залкинд.

Ошондой эле адис жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары азык-түлүк жардамын 1 жыл мурун алышканын, ундардын каптарын азыркы тапта үй чарбасында колдонуп жатышкандыгын тастыктаганын жана долбоорго катышкандардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болбогондугун кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aszyma
2018-04-27 13:57:08
Бир жыл мурункубу. Быйылкыбы бирок курттаган ун болуп жатпайбы. Ону өзүнөр нан кылып жегиле.Өзү майыптарга 1-2-группадагыларга көмүр кышта
ун берилет деп айтат. Аныда толук бербейт
+2
aigulu
2018-04-27 13:57:26
Ошондо бир жылдан бери эл жебей курттатып жиберди дегениби же былтыры курттап кеткен ун таратылды дегениби?
+1
tynara81
2018-04-27 14:02:24
aigulu,бошогон каптарди бир жылдан бери иштетип жүрүшөт, ал каптарга башка ун салышы да мүмкүн. Же бир жылдан бери эми ачкандар болушу мүмкүн дегенсип коюптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан