Той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө сынак жарыяланды. Байге фонду - 200 миң сом

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тойлорду өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Көп тойлор бири-бирине атаандашуу, байлыгын мактануу менен коштолот. Буга байланыштуу тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапкорчулукка бөгөт коюу максатында той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө сынак жарыяланды", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле коомчулукта тойлорду өткөрүү боюнча көптөн бери келе жаткан салт азыркы заманга ылайык келбей калгандыктан, анын жаңы үлгүсүн табуу боюнча талкуулар, талаштар күч алган. Адамдарды ашыкча чыгымга учуратып, көп убакытты алып, бири-бириникине окшош тойлордон чарчаган эл үчүн той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүн табуу зарыл болгонун министрликтен кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
modem4999
2018-04-27 20:05:11
Орустардыкындай эле чакан тойду сунуш кылат элем мен.
+24
aman0296
2018-04-27 20:12:05
Кандай жаны улгуу болот?
-9
aibars
2018-04-27 20:23:07
aman0296, Эки тарап суйлошуп, чон той кылбайбыз деп, кыз узатууну жоюп эле салыш керек. Кыз тарап копко тушуп калат. Салт боюнча кыздын уйуно эле келип жонокой эле алып кетсе болот. Ошол тойдун ордуна эки тарап жаш уйбулоого уйуно муздаткыч, кир жуугуч машина тошокторун берип койсо жетиштуу.
+17
aibars
2018-04-27 20:17:09
Улуу байкем уйлонгондо, уйдон эле 2 кой союлду, тууган уруктар чогулуп молдо келип нике кыйылды. Дасторкон жасалып жупуну эле болду. Калын берилди, ортодон чон той болбойт деп суйлошулгон. Альхамдулиллах эки балалуу болушту ынтымактуу жашап жатышат.
+6
Batma08
2018-04-27 22:44:48
aibars,биз деле ошондой кылганбыз кудайга шугур эки балабыз бар. Ынтымактуу жашап жатабыз
+3
basyz-kaman
2018-04-27 20:19:25
Сынагыңардан жыйынтык болбойт! Ысырапкорчулука тыюуу салган мыйзам иштеп чыгып, амал кылбагандарды жазалаш керек ошондо жыйынтык болот...
+22
rejepova
2018-04-27 20:46:44
Кыз узатууну укмуш дунгуротпой эле уйдон узатса жакшы болот эле. Эртеси кайра уйлонуу той кылышат. Ашыкча чыгым
+12
AKCAHAT
2018-04-27 21:37:12
Ата энелер озулору жуткунуп атса анан эмне кыласын))) мен тиги ге баргам буга баргам топтошум керек деп
+6
RaHat19
2018-04-27 21:37:34
канчалык чыгым болуп уйлоону той откозсон ага карабай ажырашуу коп болуп атат.биринчи ошолорду тарбияласак Экинчиден келгиле чын эле ысырап болбой ошол акчаны келечек учун жумшайлы
+8
traveler
2018-04-27 21:54:21
Ушул суперди окусам жалаң эле чоң той кылганга каршылар экен. Байкасам элдин баары эле каршыдай. Анан эле тойлорду кимдер кылып жатат билбейм. Же өзүбүз каршы болумуш болуп жазып коюп, кайра өзүбүз кыла беребизби?
+14
Pandora
2018-04-27 22:04:53
Кыз узатуу деп эле ашыкчакылып алышыптырго.Ар бир айылга комиссия кою керек.Биздин айылда каза болгон адамды узатуу жана жылдыкта боло турган чыгымдар кыскартылган.Аны ошол жердеги имамдар эскертип,текшерип турат.Элдин айтуусу боюнча жасабагандар "ЭЛДЕН ЧЫГАРАБЫЗ"(эл менен болгон катташуу узулот)-дегенде баары ойлонуп токтотот.Эми ушул текшерууну Уйлонуу жана кыз узатуу,суннот,бешик тойлорго да киргизсе жакшы болмок.
+6
Nevestkaa
2018-04-28 08:28:39
2005-жылдары кыз узатуу ,кыз той,ЗАГС,кудаа тосуу ,келинди үйгө киргизип алуу баары күндө өтчү эле биздин убакта.Азыр эми 3-4күн той элди да кыйнап өзүлөрү да чыгымга учурап.Тапкан ташыганыбыз тойго кетчү болду,менимче убакыт жетти окшойт тойлордогу чыгымдарды азайтканга.
+2
smska
2018-04-28 15:04:38
Ары жокко алты кун той кылбай, баарын бир эле кундо бутурсо болот.Келген конокторду кыйнабай, кызмат кылгандарды айтпай эле коеюн. Сынак эмес, закон чыгарышса болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан