26-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын депутаты, Кыргыз мамлекети менен кызматташуу боюнча достук тобунун төрагасы Ли Жонг Бае менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Кылычбек Султан маектешин Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий абал менен тааныштырып, парламенттик башкаруу жана Жогорку Кеңештин ролу өлкөдө өсүп жатканын кабарлады. Эки тарап биргеликте Түштүк Кореяга иштегени бара турган Кыргыз мигранттарынын санын көбөйтүү, эки өлкө ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүштү.
Өз кезегинде Ли Жонг Бае Кыргыз өлкөсү менен кызматташуу боюнча достук тобунун төрагасы катары өлкөдө болуп жаткан окуялардан кабар алып турарын белгиледи. Ошондой эле депутат Кыргыз өлкөсүнө келерге жакын кыргыз тилин үйрөнүп жатканын айтты. Анын айтымында, кыргыз тили менен корей тилинин айрым грамматикалык эрежелери жана сүйлөм түзүлүштөрү аябай окшош.