Бир жыл мурун: Өзгөндө жер көчкү түшүп 24 адам каза болгон. "Айылга баргым деле келбей калды" дейт жалгыз уулунан ажыраган эне

Жети үй-бүлөнү жалмаган кырсык

Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 2017-жылы 29-апрель күнү саат 06:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү түшкөн. Анын жалпы көлөмү болжолдуу 200 миң метр кубга жетип, 11 турак жайды басып, 24 адам каза болгон. Жер көчкү баскан 11 үйдүн жетөөсүндө адамдар жашаса, 4 үй эч ким жашабастан ээн турган. Бир күндө айылдын шаңын бузган бул кырсыктан улам эртеси, 30-апрель өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Казуу иштери 5 күнгө созулган

Көчкү алдында калгандарды казып алуу үчүн ӨКМнын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана өлкөнүн ар кайсы аймагынан жардам берүүнү көздөгөн каалоочулар болуп, баш-аягы 400гө чукул адам чогулган. 5 күнгө созулган казуу иштеринин натыйжасында, 8 адамдын жансыз денеси көчкү алдынан табылган. Калган 16 адамдын денелерин казып алууга күч жетишсиз болгондуктан, 4-майда каза болгон адамдардын туугандарынын, жергиликтүү бийликтин макулдугу менен казуу иштери токтотулган. Ошондой эле Уламалар кеңешинин чыгарган фатвасы да эске алынган.

Аюу айылынын кайгысын бүт өлкө кошо тартты

Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт болуп, жер көчкүдөн жабыр тарткан айыл элине бүт өлкөнүн тургундары жардам берүүгө болгон аракеттерин көрүшкөн. Активисттер каза болгон адамдардын жакындарына жардам берүүнү көздөп, элден каражат чогултушуп, жабыр тарткандарга 9 миң 600 сомдон жана кийим-кечек таратышкан. Ошондой эле өлкөнүн башка аймагында да табигый кырсыктан жабыркагандарга элден чогултулган ӨКМнын эсебиндеги 28 миллион сомдон ашуун акчадан, Аюу айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткан адамдарга 100 миңден 200 миң сомго чейин акчалай жардамдар берилген. Андан сырткары өкмөт тарабынан көчкү алдында калган 11 түтүндүн онуна Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл айылынан, бир үй-бүлөгө Өзгөн районунун Бакмал айылына акысыз үйлөр курулуп берилген.

Жер көчкү түшүүсү мүмкүн экендиги тууралуу тургундар билишкен

Кырсыкка кабылган Аюу айылынын тургундарына биринчи жолу жер көчкү түшүү коркунучу бар деген маалымат 1995-жылы эле эскертилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары Турдубек Ажыбаев билдирди.

“Негизи Аюу айылында жер көчкү коркунучу 1995-жылы эле пайда болгон. Ал жердеги тургундарга корутунду чыгарылып, эскертүүлөр берилген. Алардын алгачкы тобу 1995-жылы көчүп кетишкен. Андан кийин 2003-жылдан бери жыл сайын ошол жерде жашап жаткандарга көчкүлө деп эскертүүлөр берилип келген. Бирок ссудаларды алышып, көчпөй жүрө беришкен. Көчкү 22 жылдан бери козголуп отуруп, анын кесепети каргашалуу окуяга алып келди”, - деди Ажыбаев.

Кырсыктан кийинки абал:

Каргашалуу кырсык болгонуна жыл айланса дагы жакындарын жоготкон тургундардын көз жашы кургай элек. Биз жаңы аймакка көчүрүлүп жашап жаткан Аюу айылынын тургундары менен байланышканыбызда, алар азыркы абалдары тууралуу буларга токтолушту.

Кайрат Актаевдин үйү Аюу айылында калган. Себеби анын турак жайы кооптуу аймакта болгондуктан көчүрүлгөн.

“Мен Аюу айылынан Ана-Кызыл айылына үйүм кооптуу жерде болгону үчүн көчүрүлгөм. Жаңы короо жайыбызга көчөттөрдү отургуздук. Бирок бул жакта эгин эккен жокпуз, анткени айдоо жерлер бөлүнгөн эмес. Андан сырткары, ичкенге таза суу болгону менен, суугат үчүн суу жок. Ал эми Аюу айылындагы үлүш жерге эгин эгүү аябай эле кыйын болуп калды. Мындан сырткары бул жакка жаңы салынып жаткан мектептин курулушу быйыл бүтөт деп жатат. Учурда балдарым Мырзакедеги жатак мектебинде жатып окуп жатышат. Мектеп сентябрдан баштап колдонууга берилсе, балдарымдын окуусун бул жакка котортобуз”, - деди Кайрат Актаев.

Ал эми жер көчкү түшкөндө 17 жаштагы уулунан айрылган Хатича Мамадалиева Аюу айылына баргысы келбегенин айтат.

“Ал күндөрдү унутууга аракет кылсаң да унута албайт экенсиң, 29-апрель эстен кетпес жүрөктө калган так болду. Биз көчкүдөн кызымды араң алып чыгып, 17 жаштагы баламды алып чыгууга жетишпей калганбыз. Баламды күн сайын эстейм, эстебей коё албайт экенсиң. Балам “апа, сиз жасабаңыз мен кылам” деп колумдан ишимди алып турчу. Аюу айылына баргым деле келбейт. Жамандык-жакшылыктарда гана барбасам, ал жерге барсам ошол күндөр эсиме келе берет, чыдай албайм”, - деди Мамадалиева.

Өмүрлүк жары, 2 баласы, келини жана 2 небереси көчкү алдында калган Артыкбай Камчиевге ӨКМ үйдү Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бакмал айылына салып берген.

“Убакыт өтүп жатат. Жубайымды, балдарымды эстегенде ыйлайм. Көз алдыңдан кетпейт экен, көбүнчө кечинде көзүмө үйүм менен үй-бүлөм көрүнө берет. Мен айылга эгин эккени барам, ошол учурда ары-бери өткөн сайын куран окуп турам. Мындай жамандыкты жараткан эч кимдин башына салбасын. Эл бар экен, ошол учурда жакшы жардамдар келди. Алардын бизди унутпай жардам бергенине, жансыз денелерди издөөгө келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлерине ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз жеринде аманчылык болсун”, - дейт Камчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
newman
2018-04-29 09:10:32
Акыркы сүйлөгөн адамга өзгөчө боорум ооруду. Бирдейинен аялы, 2 баласы, келини, 2 небереси каза болсо, демек, өзү жалгыз эле калды деген сөзда. Жашың 40-50 дөн ары өткөндө баарын жоготуу кандай кыйын,оор?
+27
Medina87
2018-04-29 12:34:00
Убагында жер кочку болоору эскертилип,ал эмес ссудаларды алышыптыр. Неге кочкон эмес дейм да маркумдар?
+8
anonymous
2018-04-30 08:33:39
Medina87, Сен деле көчмөк эмессиң ссуда 150000 с фундаментке дагы жетпейт
0
Janna07
2018-04-30 13:01:57
anonymous,жетпесе жетпептирда олуп кетпейби, бир жерге барып баш калкаласа тируу журмок
0
mirana9395
2018-04-29 23:27:46
жаткан жерлери жайлуу болсун.
+5
adilet_akamgo
2018-04-30 00:23:16
Эх
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан