Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын ордуна Жамиля Жаманбаева дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова берген арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, ордуна Жамиля Жаманбаева дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Жаманбаева буга чейин Токмок шаарынын прокурору жана Башкы прокуратурада катчылык кызматты аркалап келген.
Айта кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Индира Жолдубаева башкы көзөмөлдөөчү органдын башчылыгынан бошотулуп, Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болуп дайындалган.