Депутат КТРКга көчмө телестудия жарым миллион долларга кымбат сатып алынганын айтты

Депутат Каныбек Иманалиев "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков көчмө телестудияны 500 миң долларга кымбат алганын териштирип чыгууну талап кылды.

Анын айтымында, көчмө телестудиянын баасы интернетте 1 миллион доллар деп көрсөтүлгөн болсо, КТРКнын жетекчиси ал жабдууну 1 миллион 500 миң долларга сатып алган.

"КТРКнын жетекчиси 2016-жылы көчмө телестудияны 1 миллион 500 миң долларга сатып алыптыр. Интернетте анын баасы 1 миллион доллар эле. Биз бул боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма беребиз. Ошону сиздер коомчулук алдында дилилдеп чыгыңыздар", - деди Иманалиев.

Депутаттын сөзүнөн кийин Карыпбеков социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына ушул тапта көчмө телестудия боюнча Эсептөө палатасы тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатканын жазып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jarma
2018-04-27 18:57:39
Чекеден чукулай берсе чыга берет.Чыкканын жазага тарта берсе Ак уйдо 5-6 эле адам калат.
+7
ruslanz
2018-04-27 20:59:40
Jarma,Пол жуугучтарбы!
+7
kyzburak87
2018-04-27 21:26:46
ruslanz,эн тууру
0
Kojo1995
2018-04-27 21:25:16
Jarma, туура кылат чукуш керек, туура айтат Каныбек мырза илим эмне ак бекен аны да камаш керек демек 500 миңди жеп койгон
+2
tyka
2018-04-27 21:43:26
Юрий Бобков мырза Эми коргоп чыгыныз Илимди
+3
tyka
2018-04-27 21:44:44
Сапар Илимдерди Атамбаевдин убагына чейинки иштери мн эле отургузса болот Атамбаевдин колтугуна да жашына албай калышат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан