Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин жолугушуусу тынчтык келишимине жетишүү менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын өлкө башчысы Мун Чжэ Индын жолугушуусунан кийин тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланды.
Лидерлер чек арада жолугушуп, Панмунжом кыштагындагы "Тынчтык үйүнө" басып барышкан. Ким Чен Ын "Тынчтык үйүндөгү" коноктор үчүн китепчеге: "Ушул күндөн тартып тарыхтын жаңы барагы ачылат, тынчтык орнойт", - деп жазган.
Бул келишимди дүйнө жүзү 1953-жылы жарым аралды экиге бөлгөн согушка чекит коюу катары баалашууда.