Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматовага "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын "Ак илбирс" статуэткасы ыйгарылды. Сыйлоо аземи бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында орун алды.
Статуэткадан тышкары "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" баш болгон бир канча тасмаларга тартылып жана көптөгөн спектаклдерде роль жараткан Сейдакматованын алаканы жана бутунун изи "Манас" кинотеатрынын алдындагы аллеяга түшүрүлдү.
Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө "Орто Азиядагы мыкты актриса" номинациясы да тапшырылды. Анда өзбекстандык режиссёр Ёлкин Туйчиевдин "Масума" аттуу тасмасында башкы ролду жараткан Шахзода Матчанова аталган наамга татыды.
Ошондой эле "Дүйнөлүк кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык менен Казакстандын Эл артисти Нуржуман Ихтымбаев сыйланды.
Белгилей кетсек, "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2012-жылдан тарта өткөрүлүп, кино жаатындагы мыктыларды аныктап келет. Буга чейин "Ак илбирстин" атайын сыйлыгына Кадыржан Кыдыралиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев, Мар Байжиев жана башкалар ээ болгон.