ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Мындан 3 жыл мурун казак жана орус эстрада жылдызы Батырхан Шукенов дүйнөдөн кайткан

Батырхан Шукенов - “А’Студио” тобунда эмгектенип жүргөндө “Жулия” деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң “Сенин кадамың” деген ыры менен популярдуу болгон. Аталган ырлар ага миңдеген күйөрмандарды топтоп берген. Бүгүн ырчынын жарык дүйнө менен кош айтышканына 3 жыл болду.

Казак жана орус эстрада ырчысы, музыкант, саксофонист, композитор Батырхан Шукенов жүрөк оорусунан улам өзүнүн Москвадагы батиринде кечки саат 23:00дөрдө каза болгон.

Ырчы менен анын Москвадагы күйөрмандары 29-апрель күнү Боткин атындагы оорукананын астынан коштошушкан. Андан кийин маркум Батырхан Шукеновдун жансыз денесин агасы жана жакын достору учак менен Алматыга алып келип, 1-май күнү Казак улуттук филармониясында коштошуу зыйнатын өткөрүшкөн.

Ырчы 1962-жылы 18-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.
1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен Казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Аталган топ башында Роза Рымбаева менен чогуу иштечү. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Шукенов аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт.
2000-жылы Батырхан Шукенов "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.
28-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан