Вице-премьер-министр "Ош базарындагы" өрттөн жабыркагандардын талабын укту

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров “Ош базарындагы” өрттөн жабыркагандар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскаров Бишкек шаарындагы “Ош базары” комплексинин өрттөн жабыркаган ишкерлери менен жолугушууга 27-апрелде барган.

Жолугушууда жабыркагандар сооданын жүрүшү тууралуу айтып, экспертизанын жүргүзүлүшүн тездетип, өрттөнгөн имараттарды калыбына келтирүүнү өтүнүшкөн.

Замирбек Аскаров буга байланыштуу аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Биз “Сейтек” ЖЧКсынын, “Берекет” ЖАКсынын жетекчилигине жабыркаган имараттарды жана соода аянттарын оңдоо, калыбына келтирүү иштерин тездетүү сунуштамасын бердик. Бирок алгач биз жабыркаган имараттарды жана аянттарды тийиштүү экспертизадан өткөрүүбүз керек. 10-майга карата бизге тийиштүү маалыматтар берилет. Учурда ишкерлерден документтерди жана арыздарды кабыл алуу боюнча штаб иш алып барууда. Ал жакка сиздер да кайрылсаңыздар болот”, - деди Аскаров.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 25-майына чейин мыйзамда каралган тартипте имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону жыйынтыктамакчы.

Ошондой эле вице-премьер-министр маалымдагандай, финансы-кредиттик уюмдар менен жабыркаган ишкер субъектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо боюнча иштер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан