ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Бир жыл мурун экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтоматов каза болгон

Бир жыл мурун, 2017-жылдын 28-апрелинде экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтоматов 69 жаш курагында дүйнө салган.

Кантөрө Токтоматов 1947-жылдын 20-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын “Эл чарбасын пландоо” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1970-жылы Ош облустук финансы бөлүмүнүн ага инспектору кызматынан баштаган.

1975-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары болуп иштеген.

1993-2016-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин (мурунку Жалал-Абад коммерциялык институтунун) ректору, 2016-жылдын май айынан тартып аталган окуу жайдын президенти болгон.

Кантөрө Токтоматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн зор салым кошкон. Ал негиздеп кеткен бул окуу жайы - КМШ аймагындагы мамлекеттик эмес алгачкы университеттердин катарына кирген.

Кантөрө Токтоматов 1979-жылы Н.А.Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтунун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1988-жылы СССР Элдик билим берүү мамлекеттик комитетинин чечими менен доцент илимий наамына, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор наамы берилген.

Кантөрө Шарипович 100дөн ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору. Билим берүүнүн отличниги болгон. Кыргыз Республикасынын журналисттер жана жазуучулар союзунун, Орусия Федерациясынын “Альманах мировой науки” илимий журналынын редколлегия мүчөсү. Билим берүү тармагында бир нече шакирттерди тарбиялаган. Анын илимий жетекчилигинде экономика боюнча 2 доктордук, 8 кандидаттык диссертация жакталган. Педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Манас-1000” медалы, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2018-04-29 09:06:06
Жакшы адам эле, калбаат, сурдуу, суйлошо келсен адамгерчилиги мол.
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан