КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. Ал КТРКнын жетекчилиги 2017-жылы 1 миллион 500 миң долларга алынган көчмө студия алганын, саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендигин жана отчёттогу айрым кемчиликтеринин айланасында коомдо кызуу талкуу жүрүп жатканын негиз кылган. Ишенбөөчүлүк көрсөтпөө сунушу тууралуу Азамат Болгонбаев SUPER.KG порталына мындай деп билдирди.
“1 миллион 500 миң долларга сатып алынган көчмө студиянын техникалык мүнөздөмөсү, кайдан алынганы тууралуу так маалымат берген эмес. Ошондой эле саясий учурларда эки тараптуу маалымат бербегендиги жана отчёттогу айрым кемчиликтери үчүн Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөнү сунуштайм. Депутат Каныбек Иманалиевдин көчмө студияны сатып алуудагы процесстерди тийиштүү органдарга текшерүү боюнча берилген сунушун колдойм. Мени байкоочу кеңештин башка мүчөлөрү колдойбу билбейм. Бирок кийинки жыйында кесиптештерим абийир, ар-намыс, акыйкат деген принциптерди эске алса, башкы директорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизем. Азырынча кийинки отурум качан болору тактала элек”, - деди Болгонбаев.
Белгилей кетсек, байкоочу кеңештин курамы 15 адамдан туруп, 5 жылга шайланат.