Түркиялык актёр, ырчы Аднан Коч Аташехир районунда баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Стамбулдун баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнүн жүргүзгөн операциясына ылайык, белгилүү актёр Аднан Коч жана анын Ахмет, Мехмет аттуу инилери кармалган. Кармалган учурда алардын жанынан көп өлчөмдөгү баңгизат табылган.
Ал эми кармалган жарандар полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Алардын биринде курал болгон. Мындан улам кармалгандар полиция кызматкеринин башына курал такап, коркутуп, качып кетүүгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында 6 полиция кызматкери жаракат алып, алардын экөөсүнүн абалы оор экени айтылат маалыматта.
Учурда шоу-бизнестин өкүлүнө жана анын инилерине карата 3 берене боюнча кылмыш иши козголуп, 83 жылга эркинен ажыратуу өкүмү каралууда.
Белгилей кетсек, Аднан Коч 1986-жылы 26-июнда Түркиянын Мардин шаарында төрөлгөн. Алгач тарыхый тасмаларда роль жараткан. Кино тармагында атактуулукка 2011-жылы "Даңазалуу доор" сериалында Бэхрам Пашанын ролу менен жеткен. Ошондой эле ырчы катары да таанымал.