Добр 19-октябрь күнү кечинде Беловодск шаарчасынан Бишкекке кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылды. Ырчы: “Тойдон кеч чыккан элем, анан да чарчап тургангабы, көзүм илинип кетиптир. Рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, көпүрөнү сүзүп алдым”,- дейт. Жеңил жаракат алган Добр абалы жакшы экенин билдирди, бирок темир тулпары оңдоо-түзөө иштеринде турат. Учурда ал жөө күлүк.