Бүгүн, 29-апрелде Бишкектеги бир катар көчөлөр жабылып, айрым жүргүнчү ташыган кичи автобустардын багыты өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Манас кең көчөлөрү менен Киев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат. Бул өзгөрүү Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесин майрамдоого байланыштуу болот.
Маалыматта айтылгандай:
Токтогул көчөсү аркылуу (чыгыштан батышты карай): №211, 212, 216, 219, 220, 224, 225, 227, 240, 243, 254, 258, 260, 264, 269-маршруткалар жана №42-38-7-автобустар жүрөт.
Ал эми Фрунзе көчөсү аркылуу (батыштан чыгышты карай): №103, 104, 107, 108, 111, 129, 134, 135, 136, 137, 138, 139, 143, 148, 166, 172, 179, 185, 211, 212, 213, 216, 220, 222, 224, 227, 240, 258, 264, 260-маршруткалары жүрөт.
Мындан тышкары, Москва көчөсү (батыштан чыгышты карай): №122, 164, 170, 199, 122, 225, 243 маршруткалар, №42-38-7-автобустар, №2-3-7-троллейбустар жүрөт. Жибек Жолу аркылуу (эки багыт боюнча): №203-маршрутка.