Орусиялык актёр Константин Хабенский Кыргыз бүбү-бакшысына жолукканына өкүнөт

Орусиялык актёр Константин Хабенский бишкектик бүбү-бакшыга жардам сурап кайрылганы үчүн өкүнүп калды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Константин Хабенский "вДудь" берүүсүнө маек берип жатып 10 жыл мурда бүбү-бакшыга жолугуу үчүн атайын Кыргыз өлкөсүнө келгенин айтып берген.

Актёрдун айтымында, анын жубайы Анастасия Смирнова баш мээнин шишиги менен жабыркап, бул дарт узакка созулган. Медицинанын күчү жетпегендиктен жакындары бүбү-бакшыга кайрылууну сунуштаган. Алардын кеңеши менен актёр Кыргыз бүбү-бакшысына жардам сурап кайрылган.

"Азыр мен ошол ишимди туура эмес деп эсептейм. Ошондо адамдар бири-бирин куткарып калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүккө ээ деп ойлоптурмун. Достор, бүбү-бакшылар арбап алуучу талантка ээ. Алар ошондой жол менен акча табышат. Өз кезегинде белгилүү актёр Александр Абдулов дагы ушундай окуяны башынан өткөргөн. Мен болсо жардам сурап башка өлкөгө сапар алдым. Бишкекке барып, бүбү-бакшынын жанында 20 мүнөт отурдум да, артка кайттым", - дейт ал.

Ошондой эле ал жубайынын өмүрүн сактап калууга эч ким, эч нерсе жардам бере албагандыгын кошумчалаган.

"Бүбү-бакшынын айткандарын, ырым-жырымдарын колдондук. Бирок өзгөрүү болбоду. Бул жубайыма экинчи операция жасатуу алдындагы эң чоң ката болуптур" деген ал.

Белгилей кетсек, Анастасия Смирнова 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Ошондой эле Константин Хабенский бүбү-бакшы менен жолуккан учурунан кызыктуу окуяны эстеген. Анда:

К.Х.: - Жылыта турган, бирок уктабай турган бир нерсеңиз барбы? Коньяк барбы?

Бүбү-бакшы: - Бар.

- Кандай коньяк?

- Бишкек.

- Вискичи?

- Бар.

- Бишкек?

- Ооба.

- Макул, анда коньяк ичейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurgaz
2018-04-28 21:36:08
Бубу бакшы бул адамдан болгон шайтандарда, бакшы козу ачыктарга ишенбегиле алардын барар жери тозок.
+35
ludimira
2018-04-28 22:22:26
Келген ОЗУ,акча Берген ОЗУ,коньяк сураган ОЗУ....жамандаган даны озу
+27
Pandora
2018-04-28 22:36:20
Элдик таапка барам деп,бакшыга барып алган эмеспи...
+15
jbolotov
2018-04-28 22:54:08
Козу ачык бубу бакшы дегендер жин шайтандын кызматынан колдонгодор, ошондуктан буларга баруу ыймандан чыгарат, ото чон куноо.
+16
aibars
2018-04-29 00:42:18
Бубу бакшы булар шарлатандар элди алдап оюндагысын айткандар. Табыптар булар ооруну же кандайдыр бир койгойлорду изилдеп окугандар
( элдик медицина ) тамыр кармап. Ушул экоону алмаштырбаш керек.
+7
rysik79
2018-04-29 13:01:12
Чоп чар менен даарылаган дабагерлерибиз мына ошого барса болот.
0
aydinnur
2018-04-29 14:28:37
Кечөө эле башка жерден окубадым беле,бүбү-бакшы эмес эле, былтыркы рак оорулуу аялды дарылап жатып өлтүрүп алган , өзүн элдик табып деген кишиге келип кетиптир деп..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан