Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. Бул күн Бишкек шаарынын расмий күнү деп бекитилген. Аталган токтомго 2016-жылы шаардык кеңештин өкүлү Алмаз Кененбаев кол койгон.
Белгилей кетсек, 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпек шаары негизделген. Борбор калаанын аталышы 140 жыл аралыгында Пишпек, Фрунзе жана Бишкек деп 3 ирет өзгөргөн.
Буга чейин борбор шаардын күнү апрель айынын акыркы ишембисинде белгиленип келген.
Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган иш-чаралар:
* 10:00дөн кечке чейин - Эски аянтта гүлдөр фестивалы;
* 11:00-13:00 - Курманжан датка айкелинин жанында чет элдик балдар коллективи жана "Наристе" фестивалынын катышуучулары концерт тартуулайт;
* 15:00 - FRUNZE ресторанында сүрөт көргөзмө өтөт;
* 18:30 - Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш;
* 19:00 - 23:00 - "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз эстрада ырчылары жана "Город 312" тобунан шаңдуу концерт;
* 23:30 - Борбордук аянтта майрамды утурлай фейерверктер атылат;
Жалпы кыргыз элин, Кыргыз жергесинин жашоочуларын сүйүктүү шаарынын күнү менен куттуктайбыз. Элибизде ынтымак өкүм сүрсүн, жергебизде тынчтык орун алсын!