Бүгүн, 29-апрелде борбор калаа Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө мэрия шаар тургундарына жана конокторуна өзгөчө көргөзмөлөрдү уюштурган.
Алардын бири шаардын эски аянтында орун алды. Анда гүлдөр жана өзгөчө жасалгаланган жашыл аюу, акыра, пил өңдүү жаныбарлардын айкели тургузулган. Бул көргөзмөгө шаар тургундары жана меймандары келип, сүрөткө түшүп, чер жазышууда.
Мындан тышкары, түштөн кийин концерттик программалар орун алып, салтанаттуу иш-чаралар түнкү саат 23:30да "Ала-Тоо" аянтында фейерверк атуу менен жыйынтыкталат.