"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: "Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар жок, адистер жеринде иш алып барууда"

Алдын ала маалыматтар боюнча Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

"Бүгүн, 29-апрелде жер көчкү Көк-Арт дарыясына түшүп, сууну жаап калган. Көчкүнүн көлөмү 1,5 миллион метр кубду, узуну 320 метр, ал эми туурасы 25 метрди түзгөн. Бийиктиги 6 метр. Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Сузак райондук бөлүм башчысы жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жок", - деди ал.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жер көчкү Көк-Арт дарыясын тосуп калгандыктан суу топтолуп жаткандыгын билдирген.

Жалал-Абадда жер көчкү дарыяны тосуп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан