Кашкар Жунушалиев ИИМдин коллегиялык жыйынында бир нече кызматкерлерди жумуштан бошотту

28-апрелде Ички иштер органдарынын 2018-жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда министр Кашкар Жунушалиев коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачуу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартип боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолгон. Мындан тышкары коррупция менен күрөшүү, административдик протоколдордун жана уюштуруучулук маселелери боюнча бирдиктүү маалыматтык топтомун түзүүгө көңүл бурулган.

"Жыйында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү уюштурууда одоно кетирилген кемчиликтери үчүн ИИМдин кеңешмесинин чечими менен мурда Жалал-Абад ОИИБин жетектеп келген, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасеитов, Бишкек ШИИББинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Мирлан Муктаров, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Таштан уулу Нурлан ээлеген кызматынан бошотулду. Тогуз-Торо РИИБинин башчысына карата топтолгон материалдар Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы окуя боюнча юридикалык жактан баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлө тургандыгы белгиленди. Андан сырткары, ИИМдин кеңешмесинин чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн ИИМдин борбордук аппаратынын, облустун, шаардын башкармалыктарынын жана райондордун бөлүмдөрүнүн онго чукул жетекчилерине тартиптик жаза берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Болот Имангазиевге жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаевге карата түшкөн арыздар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tttalant
2018-04-29 19:51:42
Иим ишке алса мени жакшы иштейт элемммилдетим аткарып....
+3
stimyl.kg
2018-04-29 23:36:47
Данияр Абдыкааровду да жумуштан алгыла. Атамбаевский кадр.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан