Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагалыгына келген Бакир Таировдун эмгек жолу

Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп кечээ, 28-апрелде дайындалган.

Бакир Таиров 1966-жылы 31-июлда туулган.
1999-жылы Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн.
2011-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1996-1997-жылдары Ош шаарындагы Төлөйкөн аймактык милициясында өспүрүмдөр менен иштөө боюнча аймактык инспектор;

1997-1999-жылдары Ноокат райондук милиция бөлүмүндө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкер;

1999-2000-жылдары ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Жалал-Абад жана Ош облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгында экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча опер кызматкери;

2000-2001-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкер;

2001-жылы ИИМдин түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында опер кызматкери;

2001-2002-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө опер кызматкери;

2002-2003-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүндө опер кызматкери;

2003-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө ага опер кызматкери;

2003-2004-жылдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери;

2004-2006-жылдары ИИМдин алдындагы күч түзүмдөрүндөгү жана укук коргоо, фискалдык органдардагы кызматтык кылмыштар боюнча опер кызматкери;

2006-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында Мамлекеттик кызматтардагы кылмыштар менен күрөшүү, кылмыштуу жол менен келген кирешелерди ачыктоо боюнча опер кызматкери;

2006-2007-жылдары Финансы полициясынын Ош шаарындагы бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча опер кызматкери;

2007-жылы Бишкек шаардык Финансы полициясынын салык жана финансы боюнча мыйзам бузуулар жана салык, финансы органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

2007-2008-жылдары Өкмөттүн алдындагы Финансы полициясынын Мамлекеттик органдардагы экономикалык жана кызматтык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын кызматтык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

2008-2010-жылдары Финансы полициясы кызматынын Түштүктөгү аймактар аралык башкармалыгынын башчысы;

2011-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Банк жана финансы тармагын коргоо бөлүмүндө опер кызматкери;

2011-2012-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу жана Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы;

2013-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгында Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүм башчы;

2013-2017-жылдары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу башкармалыгынын башчысы;

2017-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз кирешелерине бөгөт коюу боюнча Үчүнчү башкармалыктын башчысы;

2017-2018-жылдары ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2018-жылы ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы;

2018-жылдын 28-апрелинен тартып Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан