Жогорку Кеңештин депутаттары 2-4-май аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттар жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөр, аларды жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешип чечүү жолдору жаатында пикир алышмакчы.