Бишкектеги темир жол бекетине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 29-апрель күнү кечки саат 19:30 чамасында 102 кызматына “Бишкек 2” темир жол бекетине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке УКМКнын жана ИИМдин адистери жетип барып, бекеттин ичиндеги адамдарды сыртка чыгарып, андан кийин шек жараткан буюмдарды карап чыгышкан. Бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Учурда темир жол бекети кадимки режимде иштеп жатат.
Ал эми УКМК телефон аркылуу жалган маалымат берген “террорчуну” табуу үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.