Өлкөдө 1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаап, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Ал эми 2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3°ка чейин жылуу болушу күтүлөт.
"Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.