Бишкек шаарынын күнүндө калаа боюнча төрөт үйлөрдө 87 наристе жарык дүйнөгө келди. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоону камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Лидия Мухамедшинанын SUPER.KG'ге билдиришинче, анын ичинен 6 наристе эгиз төрөлдү. Анын айтымында, ымыркайлардын 48и эркек бала болсо, 39у кыз.
"Биз шаардын күнүнө карата атайын мамлекеттик жана менчик төрөт үйлөрүндө бир сутка мониторинг жүргүздүк. Жыйынтыгында сутка ичинде 87 наристе жарык дүйнөгө келгени белгилүү болду. Алардын ичинен 6 наристе эгиз төрөлдү. Анын төртөө кыз болсо, экөө эркек балдар. Наристелердин саламаттыгы жакшы. Ал эми алардын ата-энелеринин кубанычын шаардагы төрт райондун акимдери барып бөлүшүп, өз куттуктоолорун айтып жатышты", - деди Мухамедшина.
Статистикалык маалыматка ылайык, акыркы 5-6 жылдан бери Бишкекте жылына 20 миңден 22 миңге чейин ымыркай төрөлөт.