КҮНСЕРЕП: Парламент саясат курмандыктарын куткарууну көздөөдө

Бүгүн, 30-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси - кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталды. Буга чейин Шадиев ооруканада дарыланып жатканын, качан чыгары белгисиз экенин анын жардамчылары айтышкан.

Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган. 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. 6-апрелде Шадиев вице-премьерликтен кетүүгө арыз жазып, 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны кызматтан алды. Жаңы баш мыйзамга ылайык, ал парламенттеги депутаттык мандатын сактап калды. Депутаттык мандатын, коалициядагы "Бир бол" фракциясын бул ишке таасир этүүгө пайдаланабы, жокпу, андайга учурдагы укук коргоо органдары жол береби же жокпу азырынча белгисиз.

Бул окуя Аскарбек Шадиев "илинген" биринчи окуя эмес. 2012-жылы кышында Кыргыз жерине Казакстандан 700 тонна радиоактивдүү көмүр алып келингени билинип, катуу жаӊжал чыккан. Бул окуя парламентте каралып жатканда ал кездеги энергетика министри Аскарбек Шадиев уулуу көмүр жүктөп жиберген Казакстандын "Кулан ТБ" компаниясын тендерге катыштырууга экс-спикер Ахматбек Келдибековдон сунуш болгонун билдирген. Бирок Келдибеков да, бул чуулгандуу иште аты аталган башка "көзүрлөр" да жазага тартылган жок. Мисалы, ал кездеги депутат Садыр Жапаров бул маселе боюнча ошол туштагы президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигин кароо керектигин, анткени ошол кездеги премьер катары тийиштүү документке ал кол койгонун айтып чыккан. 2012-жылы март айында Аскарбек Шадиев министр болуп турганда ага "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, кызматтан убактылуу четтетилген. Бирок парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия уулуу көмүр боюнча Шадиевдин айыбы жок деп тапкан. Ушул чечимдин таасири болдубу, айтор, Шадиевди жана аны менен кошо айыпталган "Электр станциялары" ишканасынын ал кездеги жетекчиси Аман Тентиевди, Шадиевдин ошол кездеги орун басары Кайрат Жумалиевди, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Мирлан Аскар уулун сот актап жиберген. Соттон "таза чыккан" Шадиев энергетика министри кызматына кайтып барган.

27-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын алдына Жогорку Кеӊеште 30 миӊ доллардын уурдалышына күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек деген талапты коюшту. Ошентип Аскарбек Шадиев депутаттык ишти вице-премьерлик кызмат менен айкалыштырып иштеген алгачкы чиновник гана эмес, бир эле берене боюнча 2-жолу айыпталган чиновниктердин да бири болуп турат...

Интернетке экс-депутат Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов баш болгон абактагы саясатчыларга 5-Май - Конституция күнүнө карата мунапыс жарыялоону президент Сооронбай Жээнбековдон суранган кайрылуу тарады. Учурда президент Жээнбековдун УКМК, Башкы прокуратура өӊдүү укук коргоо, коопсуздук жана көзөмөл органдарынын жетекчилигин алмаштыруусу - ажонун элдин үнүн угуусу катары кабылданууда.

Мунапыс жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеӊеш акыркы жолу 2 жыл мурун кабыл алган. 2016-жылы 23-июнда "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, мыйзамга ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ага ылайык, 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпегендер, 60 жаштан ашкан эркектер, 55 жаштан ашкан аялдар, I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, экиден көп жаш баласы барлар, чоӊ коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, жазасын өтөп бүтүүгө 1 жыл калгандар, чоң коркунуч келтирбеген жана анчалык оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды жазадан бошотуу каралган. Ушул мыйзам каралып жатканда депутат Өмүрбек Текебаев коррупционерлер мунапыс аркылуу эркиндикке чыкпашы керектигин айтып, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мунапыс аркылуу эркиндикке чыкканын сынга алган. 2013-жылы коррупция боюнча 11 жылга соттолгон Нариман Түлеев жаза мөөнөтүнүн 4 жылын өтөгөн соӊ, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыкты. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөп берген.

Бул окуядан 1 жылдан кийин сот "коррупционерлерге мунапыс берилбесин" деген Текебаевдин өзүн коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты. 2015-жылдан бери өлкөдө "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" мыйзам иштейт. 2016-жылы декабрда Жогорку Кеӊеш "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" жаӊы мыйзам кабыл алып, 2017-жылы январда президент тарабынан кол коюлган. Анда жалпы соттолгондорго мунапыс колдонуунун жол-жобосу так аныкталган. Мисалы, мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүндө "Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам зарылчылыкка жараша, бирок жыл ичинде бир жолудан көп эмес чыгарылышы мүмкүн" деп жазылат. Мындан башка да жаӊы нормалар бар, бирок бул мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Бүгүн super.kg порталы Күнсоболдо Жогорку Кеңештин депутаттарына "Текебаев боюнча козголгон кылмыш иши кайра каралышы керекпи?" деген суроо салды. Анвар Артыковдон башкасынын баары, "иш кайра каралышы керек", - деген позициясын билдиришти. Алардын катарында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, КСДПнын өкүлү Аалы Карашев, РАЖдын, "Бир болдун", "Ата Мекендин", "Өнүгүү-Прогресстин" өкүлдөрү бар.

Мунапыс аркылуу абактан бошоп чыгуу - кылмышты моюнга алуу болуп саналат. Өмүрбек Текебаев ал үчүн президентке кайрылып, күнөөнү моюнга алуу менен ырайым сурашы керек болот. "Ата Мекендин" лидеринин бүгүнкү күнгө чейинки позициясынан алып караганда, анын бул жолго баруусу күмөн. Ал эми жаңы жаралган жагдайлардан улам иштин кайра каралуусуна жетишүү башка кеп. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду соттоо иши боюнча "жаңы жагдайларды" таап чыгуу кыйынчылыкты жаратпаса керек. Ошондой эле Текебаевдин абалын өлкө башчынын саясий чечими да өзгөртүүсү мүмкүн.

Мурда абактагы саясатчылар революциялардан улам куткарылып келген. 2001-жылы 7 жылга, 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Феликс Кулов 2005-жылкы революциядан кийин эркиндикке чыгарылып, сот тарабынан акталган. Ал эми 2010-жылы 8 жылга соттолуп, генерал-майор чининен ажыратылган Исмаил Исаков Апрель революциясында абактан бошотулуп, 1 аптадан кийин сот актаган. Учурда парламенттеги оппозиция гана эмес, башкаруучу коалициядагы көпчүлүк депутаттардын маанайына караганда бул ирет андай "революцияны" парламент жасачудай өңдөнөт...

Ала-Бука районунда Өзбек чек арачысы жергиликтүү тургунду Өзбекстандын аймагына сүйрөп кирип кетүүгө аракет кылды. Жабырлануучу Абдрашит Азимов Көк-Таш айылында өз короосунда бак сугарып жүргөн маалда Өзбекстан чек арачысы Кыргыздын аймагына кирип келип "суу койбо" деп кыйкырып, колундагы итин агытып жиберип коркуткан. Андан кийин Азимовду Өзбекстанды көздөй сүйрөгөн. "Менде бул фактыларды тастыктаган фото-видео бар, тийиштүү органдарга берем", - дейт жабырлануучу. Азимов бул айылда Өзбекстандын чек арачыларынын айынан окуучулар мектепке баруудан корко турганын, балдарды ата-энелер коштоп барарын айтат. Короодо иш кылып жүргөндө Өзбек чек арачылары бизди карап заара ушатып шылдыӊдайт дейт жергиликтүү тургун.

Жакында, 7-апрель күнү Өзбекстандын чек арачысы Аксы районунун Курулуш айылынын тургуну Фархат Мырзакалыковду атып салган. Жергиликтүү тургундар Мырзакалыков Кыргыз аймагында атылып, аны чек арачылар Өзбекстанга сүйрөп кирип кетерде алып калышканын айтып чыгышкан. 9-апрелде бул окуя боюнча Кыргыз-Өзбек чек ара кызматтарынын башчылары жолугушуп, жергиликтүү тургундарга ок атуучу куралдарды пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.

Парламент депутаты Умбеталы Кыдыралиев аймактарда чек ара такталып, бирок атайын тосмолор орнотула элек тилкелер бар экенин, аларга тезинен тосмо орнотмоюнча чек арадагы талаштар басылбай турганын билдирди. Акыркы жылдары Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын мамилеси жакшырганы, мамлекеттик чек аранын 85 пайызы такталып, 15 пайызы гана калганы айтылып келе жатат. Бирок жогорудагыдай окуялар Кыргыз-Өзбек мамилесинин жакшырганы мамлекет жетекчилигинин деӊгээлинде калып, аймактагы катардагы кызматкерлерге жете электигин көрсөтүп жатат. Өзбек чек арачыларынын иш-аракеттери алар дале мурунку президенттин тушундагы маанайда, ошол учурдагы инструкцияда жашап жатышкандай элес калтырат...

Армения оппозициясынын лидери Никол Пашинян расмий түрдө Армениянын премьер-министрлигине талапкерликке көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин парламенттеги 3 фракция: "Елк", "Дашнакцутюн" Армян революциялык федерациясы" жана "Царукян блогу" фракциялары колдой турганын билдирди. Ал эми башкаруучу коалицияда турган "Армения республикалык партиясы" фракциясы премьерликке талапкер көрсөтүүдөн баш тартты. "Дашнакцутюн" Армян революциялык федерациясы" фракциясы буга чейин башкаруучу коалицияда туруп, оппозициялык кыймылдын лидери Пашинянды колдоп кеткени белгилүү.

Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлоого 53 добуш керек. Учурда аны колдогон 3 фракциянын 47 добушу бар, жеӊишке жетиши үчүн Пашинян "Армения республикалык партиясы" фракциясынан 6 добуш алышы керек болот. Башкы оппозиционер эртеӊ, 1-май күнү өтө турган премьер-министрди шайлоого карата бардык тарапташтарын митингге чыгууга чакырды. Ал шайлоонун жыйынтыгы ошол күнкү элдин маанайынан, активдүүлүгүнөн көз каранды боло турганын айтып, тарапташтарын жеӊишке толук жеткенге чейин колдоо көрсөтүүгө чакырды. Эгер эртеӊки шайлоодо Никол Пашинян жеӊишке жетсе, Армян эли өкмөт башына коалициядан, президенттен көз карандысыз өкмөттү бийликке алып келген болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан