Ош шаарында өзүнөн 2 жаш кичүү кызды коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн деген шек менен 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, арыздануучу кыздын айтуусуна караганда, кылмышка шектүү жигит ал кызды "экөөбүздүн сексуалдык иштерибизди видеого тартып алгам, мен каалаган учурда келип турасың, болбосо ал видеону ата-энеңе көрсөтүп, интернетке чыгарам" деп 2 жылдан бери коркутуу жолу менен бир нече ирет жыныстык катнашка барып, андан сырткары сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөн. Акыркы ирет 27-апрелде Ак-Буура дарыясынын боюнда ушундай ишке барган.
"Кылмышка шектүүнүн мындай токтобогон аракеттерине чыдабаган кыз ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылган. Натыйжада бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 28-апрель күнү 26 жаштагы кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карайт", - деп айтылат маалыматта.