АКШнын апелляциялык соту грин-карта лотереясына каттоону 1-ноябрдан кечиктирбей баштоо боюнча мурдагы чечимдин аткарылышын убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимге АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын соттун мурдагы чечимине каршы берген арызы себеп болгон.
Белгилей кетсек, 14-октябрда Калифорниядагы федералдык сот АКШнын Мамлекеттик департаментине грин-карта лотереясына каттоонун мөөнөтүн жарыялоону жана 1-ноябрга чейин арыздарды кабыл алууну баштоону милдеттендирген. Ошондой эле тандалган катышуучуларга 3-декабрга чейин жыйынтыктарды билдирүү тапшырылган.
Бирок апелляциялык сот бул чечимдин аткарылышын убактылуу токтотту. Сот лотереяны кайра баштоону талап кылган Red Eagle Law юридикалык компаниясынын мындай талап коюуга жетиштүү укуктук негиздери жок экенин белгилеген.
Бул грин-карта лотереясы толугу менен жокко чыгарылды дегенди билдирбейт. Бирок каттоо мурда белгиленген 1-ноябрда башталбай калышы мүмкүн. Анын жаңы мөөнөтү азырынча жарыялана элек.
Эскерте кетсек, грин-карта лотереясы аркылуу жыл сайын АКШга көчүп барууга 55 миңге чейин виза берилет. DV-2027 лотереясына каттоо 2025-жылдын күзүндө башталышы керек болчу. Бирок каттоо жол-жобосундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу ал кийинкиге жылдырылган.