Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракеси белгиленгенден кийин "Ала-Тоо" аянтынан 6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-апрелде шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын жумушчулары "Ала-Тоо" аянтында бүгүн, 30-апрелде таңдан тартып баштаган тазалоо жумуштарын түштө аякташкан.
"Ага атайын 11 унаа тартылган. Анын ичинен 8 унаа таштанды тазалап чыгаруучу болсо, үчөө жууп-тазалоочу унаалар. Жалпысынан 67 жумушчу ишке тартылган. Майрамга чейин аянтка таштанды үчүн көлөмдүү 20 желим урна, темирден 10 контейнер коюлган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кабарда баш калаада маараке белгиленген башка көчөлөрдү тазалоо иштери түнү менен жүргүзүлгөндүгү кошумчаланган.