АКШда 93 жаштагы кемпир кенелерге жем болуп көз жумду

АКШда 93 жаштагы кемпир кенелерге жем болуп көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лафейетт шаарында жайгашкан карылар үйүнүн биринде бир кездеги белгилүү модель, алып баруучу 93 жаштагы Ребекка Зени кенелерге жем болуп каза болду. Карыган аял көп жылдан бери миллиондогон мите курттардан жабыркап келген, майда курттар анын колун тирүүлөй жеп жүргөн.

"Мен өзүмдүн тажрыйбамда мындай окуяны биринчи жолу көрүшүм", - деп билдирген патологоанатом.

Белгилүү болгондой, Зенинин туугандары болгон эмес. Азыркы тапта адвокаттар карылар үйүнүн жетекчилигин жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментин сотко берди.

"Адамды кантип ушунча кыйнашты, эч түшүнө албай турам. Бул окуяны адам өлтүрүү деп эле эсептесе болот", - деп билдирген адвокат.

Карылар үйүнүн кызматкерлери билдиргендей, Ребекка Зени жугуштуу оорудан жабыр тартканына байланыштуу аларга кемпирге тийүүгө уруксат жок болгондугунан улам эч кандай жардам көрсөткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mira28
2018-04-30 13:58:33
Бир учурда койкондоп карьерасын алга суроп жургон сулуу болгон экен да.Андан коро уй булолуу болуп тороп балалуу болуп жакшы тарбия берип татыктуу эне болсо азыр кор болмок эмес.
+30
Totyua.71.
2018-04-30 14:46:51
Жакшы жүрмөк бар,жакшы өлмөк жок деген ушул экен даа... Өкүнүчтүү!!
+24
Nevestkaa
2018-04-30 21:42:33
Totyua.71.,мен да ушул цитатаны айткым келген эле.
0
Janna07
2018-04-30 22:10:09
Модель болсо денесин ачык корсотуп кийинип журуп бул дуйнодо эле тигил дуйнонун тозогун башынан откоруптурда, денесин кене жеп. Тообо кылдым табалабадым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан