Түркияда кыргыз кыз эки бөйрөгү жараксыз болуп ооруканага жатып калды. Жакындары жардам сурап кайрылышууда

Түркиянын Анталия шаарында Нарын облусунун 27 жаштагы тургуну Жамиля Кубатбек кызы эки бөйрөгү жараксыз болуп ооруканага жатып калды. Иниси Жаныбек Кубатбек уулу жардам керектигин айтып, 30-апрелде SUPER.KG'ге кайрылды. Анын айтымында, Жамилянын бөйрөгүнүн төрт гана пайызы иштеп, учурда күн алыс гемодиализ алууга аргасыз болууда.

"Эжем үч жылдан ашык убакыттан бери Анталия шаарында иштеп жүргөн. Алгач Кыргыз жеринен баргандарга жумуш менен камсыз кылчу агенттикте иштеп жүрүп, кийин дүкөндө иштеген. Акыркы учурда улгайган кемпирди багып иштеп жаткан. Бирок эки бөйрөгү жабыркап эки жумадан бери ооруканада жатат. Дарыгерлер бөйрөгүнүн төрт гана пайызы иштеп, калган бөлүгү иштебей калганын айтышууда. Күн алыс гемодиализ алып жатат. Дагы башка дарыларына кеткен чыгымдарды кошкондо 4 күндө 58 миң сом керектелүүдө.

Акысыз гемодиализ алуу үчүн Кыргыз мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлиги акысыз дарылануучулардын тизмесине кошуусу керек экен. Бирок министрлик бул жылы дарыланууга жардам алуучулардын тизмеси толуп калганын айтууда. Анткени менен бизге ар бир мүнөт өтө маанилүү болуп жаткандыктан жардам керек болууда. Бирок кимден жардам аларыбызды билбей жатабыз", - деп айтты Жаныбек Кубатбек уулу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Түркияда акысыз дарылана ала турган 100 адамдын тизмеси толуп калгандыктан азырынча эч кандай жардам бере алышпай турганын билдирди.

"Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы келишимге ылайык, жылына 100 бейтап Түркияда акысыз дарылана алат. Анын элүүсүн Түркиянын Кыргыз жериндеги элчилиги толуктаса, калганын министрлик толуктайт. Бирок быйылкы жылдын тизмеси толуп калган. Аларды түртүп салып бул кызды киргизип коё албайбыз. Түркиядан дарыланууга барчулардын арасында жалаң гана гемодиализге муктаж адамдар эмес, илдети оор болуп жогорку технологиянын жардамында дарыланууга муктаж болгондор жиберилет. Ал эми гемодиализге муктаж болгондорго жакынкы аралыкта жеңилдетилген түрдө гемодиализ алуусуна шарт түзүлүп калышы мүмкүн. Мисалы, гемодиализ алуунун баасы 5 миң 550 сом болсо, 5 миңин мамлекет төлөп берип, калган сумманы өздөрү төлөшөт. Ансыз да январь айынан бери гемодиализ алууга муктаж болуп тизмеде тургандардын саны 110го жетип кетти. Ошондуктан ал кыз бул жакка келип тизмеге туруп алса мүмкүн жакшы болот. Же болбосо арыз жазып койсо, 2019-жылы Түркияда акысыз дарылануучулардын катарына кошулуп калат", - дейт Айгерчинова.

Жамиля Кубатбек кызына жардам берүүнү каалагандар - 0700 86 64 91 номерине чалсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2018-04-30 21:17:57
Шыпаа берсин кудайым,эч бир адам оорубасын.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан