Жаратылыш кырсыгына байланыштуу Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жер көчкү түшүп, бөгөлүп калган дарыянын аймагында атайын кызматкерлер көзөмөл жүргүзүүдө. Кечээ, 29-апрель күнү саат 09:30 чамасында Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 миллион куб метр жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 миң куб метр жер көчкү Көк-Арт дарыясын бөгөп калган.
"Учурда топтолгон суу (болжол менен 450 миң куб метр) жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда. Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 5 адамдан турган ыкчам топ нөөмөттө турушат. Мындан сырткары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилген "өзгөчө кырдаалдар" тартибин алды", - деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.