10 жылдан бери майыптар арабасында отурган Бекназар: "Жыл өткөн сайын максаттарым менден алыстап бараткандай"

Сузак районунун Карамарт айылынын 24 жаштагы тургуну Бекназар Орозалиевге дарыгерлер булчуңдардын дистрофиясы (мышечная дистрофия) деген диагноз коюшкан. 2-топтогу майып Бекназар "басып кетсем белгилүү ырчы болот элем" дейт.

"Жакшылап дарылансам эле айыгып кетем, жок дегенде оорум жеңилдеп калмак", - деген Бекназар дарты тууралуу: "6 жашымда үйдүн чатырынан кулап кеткем. Эч жерим оорубагандыктан ата-энеме деле айткан эмес болчумун. Ошондо омурткамды кокустатып алган окшойм. 3-4 жылдан кийин белим талып ооручу болду. Мектепке сумкамды асынып баргыча белим уюп, баса албай жыгыла берчүмүн.

5-классымда баскандан, оор сумкамды көтөргөндөн кыйналгандыктан окуумду таштап салдым. Жыл өткөн сайын дартым күчөй берди. Дарыгерлерге кайрылганда булчуңдардын дистрофиясы менен ооруйт экенсиң дешти. Бул генетикалык оору экен, чатырдан кулаганым ооруну козгоду деп ойлойм. Аталган дарт менен алышкандар акырындан жүрүп отуруп организми кыймылсыз болуп майыпка айланышат. Негизи мен кичинемде жакшынакай эле чуркап жүрчүмүн, бул оору мени кийинчерээк тооруду. Дарыгерлер менин оорумду билгенде апама "адам болбойт, 35 жашка чейин эле жашайт" деп ооруканадан чыгарып коюшуптур. Алар айыкпайт деп кайдыгер мамиле кылып коюшкан, жакшылап дарыласа басып кетет болчум. Быйыл майыптардын арабасы менен жүргөнүмө 10 жыл болду", - дейт.

Бекназардын ата-энеси ал кичине кезинде ажырашып кетишкен. Учурда атасы аны менен кабарлашпай турганын билдирди.

"Атам сенин баспай калганыңа апаң күнөөлүү деп айтат. Бирок үйдө апам менен иним менин жалгыз багуучум. Дааратканага өзүм отура албайм, апам мени көтөрө берип чарчап алы келбей калган. Азыр иним жардам берет. Айылда шарт жок болуп, тез-тез ооруй бергендиктен мени шаарга жиберишкен. Жалал-Абад шаарында эжемдин үйүндө таенем экөөбүз жашайбыз. Тайенем да майып, жакшы сүйлөй албайт, бирок мени киринтет, тамак жасап берет", - деди Орозалиев.

Майыптыгы үчүн айына 3 миң сом алган Бекназар мамлекет берген акча анын дары-дармегине эле кетерин айтат. Мындан сырткары, негизинен үйдө жалгыз болгондуктан ичиндеги бугун чыгаруу үчүн ыр жазып турарын кошумчалады.

"Кээде бук болгондо ыр жазам, шаардык, облустук сынактарга катышып ырдап жүргөн учурларым болду. Бирок акыркы күндөрү мен үчүн жашоонун кызыгы кетип баратат, ыр жазгым да келбей калды. Кудай буюруп басып кетсем, Бегиш, Баястан менен дуэт аткарам деп тилек кылчумун. Азыр ал максаттар тээ алыста ишке ашпаган кыялдардай эле сезилип баратат. Кээде тааныштарым тойдо тартылган видеолорун мага монтаждатып кетишет. Анткени үйдө бекер отурбайын деп физикалык күчтү талап кылбаган көп эле жумуштарды өздөштүргөнгө аракет кылдым", - дейт Бекназар.

Бекназар Орозалиев менен байланышуу номери: 0773 15 79 82 , 0707 12 26 76.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pamirlan
2018-04-30 18:04:10
Сабыр кылыныз, айыгып жакшы болуп кетин
+10
zhaku2017
2018-04-30 18:11:01
Оорунун ою онго бөлүнөт. Оорунун оюна эмне келип, эмне кетпей. үмүт адам менен жашайт.
+4
betatek-2011
2018-04-30 18:22:33
Жардам берип,кабар алып,элдин жеткирип жургон Азамат бул баланыда караштырып койсон ;колубуздан келишинче жардам берели.
+4
Aima94
2018-04-30 19:10:36
Бегиш,Баястан менен дует ырдагысы келсе Супер инфо уюштуруп берсе мумкун алдыга умтулууга жардам береттир. Жапжаш туруп ушундай ооруга чалдыкканы өкүндүрөт...
+5
Medinaa
2018-05-01 00:06:19
Айыгып кет.Аллах шыпаа берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан