Экс-депутат Аида Салянова: "Текебаевдин иши каралса, анда жүздөгөн адилетсиз иштердин кайра каралышына чоң үмүт пайда болот"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова SUPER.KG порталынын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген соболуна жооп берди.

Салянова Текебаевдин кылмыш иши сөзсүз кайрадан каралышы керектигине токтолду. "Саясий буйрутманы берүү жана аткаруу процесси бүтүндөй элдин алдында эч тартынбастан, көз көрүнө, колуңардан эмне келет деген таризде болуп жатты. Акыйкат чечимди жалпы эл күтөт. Текебаевдин иши каралса, анда жүздөгөн адилетсиз иштердин кайра каралышына чоң үмүт пайда болот. Бул ишти кайра карап мыйзамдуу чечим чыгаруу бардык сотторго, прокурорлорго чоң эскертүү болот", - деди Салянова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Анвар Артыков, Акылбек Жапаров, Зарылбек Рысалиев, Мирлан Бакиров, Аалы Карашев, Алмазбек Баатырбеков жана Мирлан Жээнчороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан