SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген собол салды.
"Өмүрбек Текебаевди эмне эле баатыр кылып жатасыңар, ал болгону кылмышкер" деген оюн парламентте билдирген "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев бул жолу комментарий берүүдөн баш тартты. "Менден Текебаев жөнүндө сурабай эле койгулачы. Текебаев тууралуу суроого жооп бербейм. Туура түшүнгүлө", - деп Рысалиев суроого жооп берген жок.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Анвар Артыков, Акылбек Жапаров, Мирлан Жээнчороев, Мирлан Бакиров, Аалы Карашев, Алмазбек Баатырбеков жана мурдагы депутат Аида Салянованын пикири төмөнкү шилтемеде.