Ош облусундагы Алай районунун мергенчилери 2 күндө 6 карышкырды атып өлтүрүштү

Ош облусунун Алай районунун мергенчилери 2 күндө 6 карышкыр атып алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосун Самыйов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн мергенчилери 27-28-апрель күндөрү 4 карышкыр атышкан. Ал эми Бүлөлү айылында Ноокенден жана Папандан келген мергенчилер дагы 2 карышкырды атып өлтүрүшкөн.

“Учурда мергенчилерге сыйлык берүү жагын караштырып жатабыз, жакынкы күндөрдө сыйлыктар берилет”, - деп билдирди Самыйов.

Ошондой эле айыл өкмөтү учурда карышкырлар кескин түрдө көбөйүп, мал-жандыкка кол салып жаткандыгына байланыштуу мергенчилер тобу атайын ууга чыгып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kosmos2013
2018-04-30 20:59:24
Азаматсынар
+1
tular
2018-04-30 23:09:30
Аттары кыйын экен, устуно артып койсо да тынч турушат. Негизи аттар карышкырдын жытынан эле уркчу эле.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан