"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров SUPER.KG порталынын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген соболуна жооп берди.
Бакиров аталган сунуш кайра каралышы керек деген оюн билдирди. "Өмүрбек Текебаев - Кыргыз мамлекетинин, парламентинин түптөлүшүнө чоң салымын кошкон белгилүү инсандардын бири. Бул кылмыш ишине Кыргыз коомчулугу эле эмес, эл аралык коомчулук дагы байкоо салып турат. Бул жерде саясий иш бар экени коомчулукта, маалымат каражаттарында айтылып жатат. Бул иш кайрадан калыс каралышы зарыл. Текебаев өмүр бою чындык, демократия деп жүрүп кандайдыр бир коррупцияга аралашкан дегенге ишене албайм", - дейт Бакиров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Анвар Артыков, Акылбек Жапаров, Зарылбек Рысалиев, Мирлан Жээнчоров, Аалы Карашев, Алмазбек Баатырбеков жана мурдагы депутат Аида Салянованын пикири төмөнкү шилтемеде.