Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгы план боюнча 23-апрелге чейин бүтүп, жол ачылып калышы керек эле. Бирок бир апта өткөнүнө карабай жол ачыла элек.
SUPER.KG порталы жабылган жолдун убагында ачылбаганынын себебин сурап Бишкек мэриясына кайрылганда Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Жибек Жолун оңдоого байланыштуу жабылган Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгында эки жаңы көп кабаттуу үй курулуп жаткан экен, ал үйлөргө суу түтүктөрү тартылып жана "Бишкек жылуулук борбору" ишканасы өздөрүнө тийиштүү иштерди жасап жатышат. Ошол себептен биздин жумуш 20 күнгө кечикти, ал иштерге да уруксат бербей коюуга мүмкүн эмес болчу. 2-майдан тартып ал көчөгө асфальт алабыз", - деди Эшенбаев.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор шаардагы 23 көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабык.
Жабылган көчөлөрдүн тизмеси, картасы, сүрөттөрү жана качан ачылары тууралуу маалыматты бул жактан караңыз.