Белгилүү көк бөрүчү бир туугандар Манас, Кыяз, Байыш Ниязовдордун "Достук" командасынан кеткендиги тууралуу маалымат кызуу талкуу жаратты.
Инстаграм социалдык тармагындагы көк бөрү аталышындагы бир нече баракчаларда Кыргыздын белгилүү көк бөрүчүлөрү "Достук" командасынын оюнчулары Манас Ниязов, Байыш Ниязов жана Кыяз Ниязов "Достук" командасынын курамынан чыкканын жана алар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышпай тургандыгын жазып чыгышты. Аталган маалымат интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул чындыкка дал келбеген маалымат экенин билдирсе, айрымдары спортчулар чын эле айрым бир себептерден улам командадан кеткендигин айтып билдирүү калтырышкан.
Аталган суроого жооп алуу үчүн көк бөрүчүлөрдүн өздөрү менен байланышканга мүмкүн болгон жок. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясы оюнчулар тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.
"Бизде оюнчулардын командадан чыкканы же чыкпаганы тууралуу маалымат жок. 9-Май - Жеңиш күнүнө арналган оюнга билдирмелерди кабыл алуу 5-майда токтойт. Ошондо бизге "Достук" командасынын курамы белгилүү болот. Азыркы убакта аталган командадан билдирме келе элек", - деп билдирди федерациянын басма сөз кызматы.