Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы.
Совет мезгилинде 1-Май - Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат.
1-Май майрамы Кыргыз жеринде биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.
Айта кетсек, бул майрам Орусия жана Тажикстанда бир гана Эмгекчилердин күнү эмес, жаздын майрамы катары да саналат. Ал эми АКШда Эмгекчилердин күнү сентябрь айынын алгачкы дүйшөмбү күнүндө белгиленсе, Японияда 23-ноябрда майрамдалат.
Эмгекчилердин күнү дүйнөдөгү 142 өлкөдө белгиленет, бирок жогоруда жазылгандай ар бир мамлекетте ар кайсы датага туш келип калган. Ал эми дал ушул 1-май күнү майрамдай турган өлкөлөрдүн саны 66га жетет.