Токтогул районунун 21 жаштагы тургуну бир канча күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын 1997-жылы туулган Т.уулу.А. аттуу тургуну жыйырма күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жакындары Т. уулу А. 11-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун айтып, 18-апрелде издөө иштерине жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Издөө иштерине ӨКМдан 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылып издөө иштерин жүргүзүп башташкан. Бирок ӨКМ издөө аракетинен натыйжа чыкпагандыктан издөө иштери токтотулганын кабарлашты.

"27-апрель күнү издөө иштерине ӨКМдан 10 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. Натыйжа болбогондуктан издөө иштери токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2018-05-01 09:35:46
Т уулу А эмне деген бул Толук жазбайсыздарбы аты жөнүн.
+1
RusMos76
2018-05-01 09:43:32
Издоо салып дагы ушундай издешеби Т.у А.деп балким коргон билгендер бардыр окурмандар арасында, кабарды толук берсенер деги кумон санабай издегенинер чын болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан