ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиев мындан 110 жыл мурун туулган

Кыргыз эл акыны, жазуучулар союзунун мүчөсү Темиркул Үмөталиев 1908-жылы 1-майда Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында туулган. 1925-жылы Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда мугалим, кийин райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.
1928-1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө анын кабарлары "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1935-1937-жылдары "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, "Ленинчил жаш" гезитинин редакторунун орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.
1946-1953-жылдары "Ала-Тоо" журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон. Ал Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Ал эми Темиркул Үмөталиевдин чыгармалары өз учурунда орус, украин, өзбек, казак жана башка улуттардын тилине которулган. 1968-жылы "Кыргыз Эл акыны" деген наам алган. 1982-жылы "Too гүлдөрү" аталышындагы китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ленин, "Эмгек Кызыл Туу", "Кызыл жылдыз", "Ардак белгиси" ордендери, "Кавказды коргогону үчүн", "Будапештти алганы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн" медалдарынын ээси.
Акындын ысымы борбордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан