Үйрөнчүк айдоочулардын унааларына атайын белги тагылат

Ички иштер министрлиги тарабынан жаңы үйрөнчүк айдоочуларга карата атайын белги тагуу сунушталып, өкмөттүн сайтында коомдук талкууга чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

"Унааны жаңыдан айдап баштагандарга "үйрөнчүк айдоочу" деген белги тагылат. Ал сары түстөгү квадраттын ичинде жайгашкан кара өңдөгү илеп белги түрүндө болот. Белгини унаага жаңы отурган айдоочулар эки жылдан кем эмес тагып жүрүүсү каралган. Бул Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кырсыктарын алдын алуу жана коопсуздук үчүн жасалып жаткан иши. Ал эми экинчи белги - бул "Таксомотор". Ал шахмат түрүндө жайгашкан ак-кара түстөгү беш чарчыдан турат. Аны унаанын кузовуна же үстүнө коюуга болот. Бул белги такси кызматтарын бирдиктүү тартипте кармоого шарт түзүү менен, жүргүнчү жүк ташуу боюнча бир катар укуктук-нормативдик актыларды алууга көмөктөшөт", - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zainidin96
2018-05-01 10:44:54
Мен тагып алышым керекпи ошондо
-2
century
2018-05-01 10:47:57
Zainidin96, мен каяктан билейин
+10
Tyty1990
2018-05-01 10:56:51
century, ха ха ха ха
0
din_tomas
2018-05-01 13:32:50
Zainidin96, 96 болсоң праваны жакында эле алгандырсың, албетте тагышың керек
0
Bale
2018-05-01 23:15:51
анын кандай пайдасы тиет
0
s.k.bakyt
2018-05-02 00:37:14
У деген белги бар го, аны таккандан уялып атасыңарбы? Таксинин деле белгиси бар илгертен. Калпеле иштеп атабыз деп болгон нерсени ойлоп чыгара бересиңерби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан