Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган өзүнүн Твиттердеги баракчасына Өзбекстандын ханайымы менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөп жатат.
Түркиянын биринчи айымы президент Шавкат Мирзийоевдин жубайы Зироатхон Хошимовага жылуу мамилеси жана эки тараптуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирген. Ханайымдар Ташкенттеги көркөм сүрөт галереясына барышкан. Сүрөттөрдүн арасынан эки өлкөнүн башчыларынын кечээ, 30-апрелде өткөн жолугушуу учурундагы сүрөтүн да көрүүгө болот.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ташкентке болгон иш-сапарынын алкагында Өзбекстандын парламенти Олий Мажлисте сөз сүйлөп, кийин Шавкат Мирзийоев менен Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышкан бизнес-форумга катышкан. Бүгүн, 1-майда Түркиянын башчысы Бухарага барары маалымдалат.
Эске салсак, өткөн жылда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасына келген сапарында анын жубайы Зироатхон Хошимова кыргыз коомчулугунун көңүл борборун ээлеген.