Казак телеканалы кыргыз тилинде даярдалган берүүлөрдү көрсөтө баштады

Бүгүн, 1-майдан тартып Казакстандын "Kazakh TV" телеканалы кыргыз тилинде даярдалган берүүлөрдү көрсөтө баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, буга чейин аталган телеканал казак, орус жана англис тилдеринде берүүлөрдү даярдап келген. Эми төртүнчү тил катары кыргыз тили да кошулган. Бүгүнкү күндө 450дөн ашуун долбоор кыргыз тилине которулуп, үн коштолгон.

"Кыргыз-Казак бир тууган. Эки элдин салт-санаасы, үрп-адаттары да окшош. Биздин телеканал Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен иштешүүгө даяр. Буюрса, күз айларында өзбек тилиндеги берүүлөрдү да даярдай баштайбыз", - деген телеканалдын өкүлү Алмагүл Ахметжанова.

Ошондой эле учурда телеканалга кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн журналисттер, дикторлор жана редакторлор жумушка алынгандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, "Kazakh TV" телеканалы 2002-жылдан тартып көрсөтө баштаган. Ал эми 2017-жылдын 16-ноябрынан баштап 3 тилдеги берүүлөрдү даярдай баштаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat.97
2018-05-01 11:36:45
Эн жакшы....
+7
nemo2016
2018-05-01 11:55:58
Жакшы жанылык казактар кыргыз тилин сыйлаганынар учун рахмат
+15
jbolotov
2018-05-01 12:26:52
Казак мамлекетида чон мамлекеттердей оз саясатын пропагандасын жайылтып аткан экен, а бизде оз саясатыбызды жургузмоктургай оз тилибизде толук алып барган бирда канал жок, окунучтуу. Озубузду сыйлабагандыкбы же улут мекендин кадырын биле электигибизби? Же ото ылдыйкы денгеелдеги элбизби?
+5
muslim87
2018-05-01 22:07:28
jbolotov, кечиресиң сенин жазган коментарийиң биринчи сүйлөмүнө экинчиси каршы болуп калыптыр. Казактар өз саясатын чоң мамилекеттердей пропагандай баштаптыр деп а бизде өз саясатын пропагандамак тургай жалаң өз тилибизде алып барган бирда теле канал жок деп жаздың. Демек бизде алда качан эле пропагандап баштаган экенда. Бөлөк тилдерде берип жаңылыктарды.
+1
jbolotov
2018-05-01 23:19:34
muslim87, Геополитика пропаганда, идеалогия дегенди ХХХХХХХХХ Бизде эне тилибизде толук суйлогон каналдар орусча суйлосода Кыргыз саясатын суйлобойт, Россия эмне десе ошону суйлойт деген маани болуп атат. Россия террорист десе бутту, алар балким мекени учун согушуп аткан болсода бизге автоматтык турдо террорист деп кабыл алынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан