Шашылыш билдирүү! Бүгүн Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткириши мүмкүн. Андыктан министрлик шаар тургундарын сак болууга чакырат. Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.

Эске салсак, 24-апрелде Бишкек шаарында катуу шамал болжол менен саат 19:40 чамасында башталган. Эртеси ӨКМнын кызматкерлери Бишкек шаары кандай зыянга учураганын эсептеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aman0296
2018-05-01 12:49:08
Саат канчада шамал болот?
-2
Modric10
2018-05-01 13:33:19
жакшы футбол болордо свет очпосо экен эми
-1
wirintai27
2018-05-01 17:47:01
Кудай сактасын бей ажал олумдон,боодо кырсыктан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан