Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин 1-Май майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
"Совет доорунан бери сакталып келе жаткан бул салттуу майрам эмгекчилердин тилектештигин, ак эмгек аркылуу ийгиликке жетүүнүн салтанатын даӊазалайт.
Эмгекти кадырлоо – элибиздин негизги дөөлөтү. Адал эмгек, маңдай тер менен гана өндүрүштү өнүктүрүп, бакубат турмушка жана руханий байлыктарга жетүүгө болот.
Эмгек адамдарын даңазалаган ушул күнү өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу муундун өкүлдөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!
Эмгек ардагерлеринин турмуштук мол тажрыйбасы, сабырдуулугу жана даанышмандыгы, жаш муунга көргөн камкордугу коомубузду өнүктүрүүдө зор мааниге ээ.
Эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык майрамында чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибизге өзгөчө жылуу каалоолорумду жолдойм.
Бөлөк эл, бөтөн жерде сиздер үй-бүлөңүздөр үчүн, мамлекетибиздин экономикасы үчүн чоң иш жасап жатканыңыздарды ыраазычылык менен баса белгилейм. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө иштеп жаткан эмгек мигранттарыбыздын шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жигердүү улантылат.
Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин укугун ар тараптан коргоо, аларга конкреттүү жардам көрсөтүү – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин артыкчылыктуу иши. Өкмөт элчиликтердин эмгек мигранттары менен иш алып баруусун жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга милдеттүү.
Карапайым эмгекчилердин, убактылуу жалданып иштегендердин, аялдардын жана жаштардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо, эс алуусун камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын так сакталышын катуу көзөмөлгө алуу – тийиштүү мамлекеттик органдардын негизги милдети!
Жаштарыбыздын жаратман күч-кубаты, эмгекти сүйүүсү, мекенчилдик сезими мамлекетибиздин келечегине бекем негиз болот.
Урматтуу мекендештер!
1-Май жалпы Кыргыз элинин сүйүктүү майрамдарынын бири. Эмгек майрамы бардыгыбызды бир максатка багыттап, элибиздин жашоосун жакшыртууга, мекенибизди кубаттуу жана гүлдөгөн өлкөгө айлантууга чакырып турат.
Майрамыңыздар менен! Жергебизде тынчтык болуп, элибиз бакубат турмушта жашасын!"